Биз социалдык тармакта

Европада газ запастарынын аздыгынан тынчсыздануу күчөдү

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чыңалып, Иран менен аймактык жаңжалдар коркунучу күчөгөн учурда Европада газ запастарынын деңгээли өтө төмөн болгондугуна байланыштуу Европа өлкөлөрү тынчсызданып жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, адистердин айтымында европалыктар энергетикалык эрежелерди жумшартпаса, суроо-талап кескин өсүп, дүйнөлүк соодада баалар жогорулайт. Бул жагдай эгерде газ жеткиликтүүлүгү чектелсе, энергетикалык кризиске алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле адистер Европа өлкөлөрүнө коопсуз жана туруктуу энергия жеткирүүнү камсыздоо үчүн альтернатива булактарды, импортту диверсификациялоону жана энергияны үнөмдөө чараларын күчөтүүнү сунушташууда.

Бул абал Евробиримдиктин энергетикалык саясатына жана газга көз карандылыкты азайтуу боюнча узак мөөнөттүү пландарына да таасир этет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан