Кечээ, 18-мартта Израилдин аскер-аба күчтөрү Ирандын ири газ инфраструктурасына сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, соккулар Ирандын газ өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгү жайгашкан Түштүк Парс атайын экономикалык аймагына жана мунай менен газды кайра иштетүүчү заводдорго жасалган.
Түштүк Парс кени болжол менен Ирандагы газдын 70 пайызын камсыз кылып, дүйнөдөгү эң чоң кен болуп эсептелет. Кендин бир бөлүгү Катарда жайгашкан. Катар бийлиги Израилдин соккусун айыптап, ал глобалдык энергетикалык коопсуздукка, аймактагы калкка жана экологияга коркунуч жаратарын билдирди.