Таиланддагы айрым коомдук тамактануучу жайлар Жакынкы Чыгышта кырдаалдын күчөшүнөн улам Израилдин жарандарын тейлөөдөн баш тартышууда. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.
"Бул израилдик туристтерге карата кастыктын толкунун жаратты. Ал эми АКШ Израил менен бирге бул операцияга катышканына карабай америкалыктарга мындай мамиле байкалган жок",- деген таиланддык саясатчы Нитипхумтханат Минг-Ручиралай.
Ал кошумчалагандай, буга чейин Таиландда антисемитизм болгон эмес. Бирок Израилдин Палестинага карата саясатына терс көз караштар кеңири таралган. Буга карабастан мамлекеттин өзүнө жана Израилдин жарандарына карата мамиле оң бойдон калууда.
Эске салсак, АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы үчүнчү жума уланууда. АКШ Иранды аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу менен коркутуп, жарандарды бийликти кулатууга чакырды. Ал эми Иран өзүн коргоого даяр экенин билдирип, азырынча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун маанисин көрбөй жатканын белгиледи.