Биз социалдык тармакта

Трамп Израилдин Ирандагы газ кенине болгон соккусунан кабары жок болгонун айтты 

АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Ирандын Түштүк Парс газ кенине жасаган соккусу тууралуу администрациясына алдын ала маалымат берилбегенин билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Thuth Social социалдык тармагына жазды.

"Израил Ирандагы Түштүк Парс газ кенине катуу сокку урду. АКШ бул кол салуу тууралуу эч нерсе билген эмес. Катар эч кандай жаңжалга аралашкан эмес жана анын болорунан кабары жок болчу",- деген ал.

Ошондой эле америкалык лидер Израил мындан кийин мындай маанилүү жана баалуу мунай кендерине кол салбай турганын белгилеп өткөн.

Айта кетсек, кечээ, 18-мартта Израилдин аскер-аба күчтөрү Ирандын ири газ инфраструктурасына сокку урган. Сокку урулган кендин бир бөлүгү Катарда жайгашкан. Катар бийлиги Израилдин соккусун айыптап, ал глобалдык энергетикалык коопсуздукка, аймактагы калкка жана экологияга коркунуч жаратарын билдирди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан