АКШнын мурдагы улуттук антитеррордук борборунун башчысы Джо Кент Иранга каршы Израил менен биргеликте аскердик операция жүргүзүү абдан кооптуу деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Мурдагы чиновник журналист Такер Карлсон менен маектешүүдө "Согуш талаасында максаттары жана согуш жүргүзүү стандарттары айырмаланган өлкө менен өнөктөштүк кылуу биз үчүн абдан кооптуу",- деп айткан.
Кенттин айтымында, америкалыктардын тактикалык максаттары аскердик объекттерге гана багытталган, ал эми израилдиктер чектен ашып, аскердик эмес максаттарды да көздөшүүдө.
Белгилей кетсек, апта башында Кент өз кызматынан кетерин жарыялап, АКШнын Иранга каршы операциясына макул эместигин билдирген.