Биз социалдык тармакта

Иран массалык нааразычылык акцияларына катышкан үч адамга өлүм жазасын берди 

Иранда массалык нааразычылык акцияларына катышкан үч адамга өлүм жазасы берилди. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, аталган жарандарга нааразычылык акциясы учурунда эки полиция кызматкерин өлтүрдү деген айып тагылган. Чечим чыгарган сот үчөөн тең киши өлтүрүү жана Израил менен АКШнын пайдасына жасаган аракеттери үчүн күнөөлүү деп тапты.

Эскерте кетсек, Иранда массалык толкундоолор былтыр 28-декабрда башталган. 21-январда Иран бийлиги митингдер токтогонун жарыялап, 3100 демонстранттын каза болгонун тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан