
Бул жылда саякаттоо үчүн эң кооз жерлердин тизмеси жарыяланды. Жыл сайын дүйнөгө таанымал TIME журналы көрүүгө арзырлык жерлерди атап, "Дүйнөдөгү эң кооз жерлердин" тизмесин жарыялап келет. Быйыл бул рейтингге дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы жаңы музейлер, заманбап маданий борборлор жана өзгөчө туристтик жайлар киргизилди.
Быйылкы тизмеде өзгөчө архитектурасы жана тарыхый мааниси менен айырмаланган имараттар басымдуулук кылган. Мисалы, Египеттеги жаңы ачылган музейлер туристтерди байыркы цивилизация менен тааныштырса, АКШдагы креативдүү маданий жайлар заманбап искусствону көрсөтөт.
Эгер бул жылы саякатоону пландап, кайсы өлкөдөн баштоону билбей жатсаңыз, TIME журналы тизмектеген жерлердин айрымдарын бөлүшөлү.
Египеттеги музей
TIME журналы жарыялаган “Дүйнөнүн эң кооз жерлери” тизмесинин сап башында Египеттеги жаңы салынган ири маданий долбоор – Grand Egyptian Museum музейи турду. Бул музей Гиза шаарындагы атактуу пирамидалардын жанында жайгашкан. Музейдин курулушуна жалпысынан 1 миллиард доллар сарпталып, дүйнөдөгү эң кымбат жана масштабдуу музей долбоорлорунун бирине айланган.
Аталаган музейдин өзгөчөлүгү анын коллекциясынын көлөмүндө. Бул жерде болжол менен 100 миңге жакын экспонат Египеттин тарыхын байыркы доордон тартып Рим мезгилине чейинки убакытты көрсөтүп турат. Мындан тышкары бул жайдан фараондордун дооруна таандык баалуу табылгаларды, мурда коомчулукка көрсөтүлбөгөн экспонаттарды көрүүгө болот. Музей тарыхка кызыккандар үчүн эң сонун табылга болот.

АКШдагы креативдүү маданий борбор
Бул жылы көрүш керек болгон жерлердин катарына АКШдагы Netflix House маданий борбору да кирди. Аталган жай 2025-жылдын ноябрь айында Филадельфия шаарында ачылган. Бул жерди көрүүгө келгендер сүйүктүү тасмаларынын атмосферасына түз эле кирип кеткендей таасир ала алышат.
Борбор жөн гана эс алуу жайы эмес, ал санарипти реалдуу дүйнө менен айкалыштырган жаңы форматтагы жай. Эксперттердин пикиринде, мындай долбоорлор келечекте көңүл ачуу индустриясынын жаңы багытын ачып берет.

Австралиядагы байыркы маданий мурас
Бул жылдагы кооз жерлердин тизмесине Австралиядагы Murujuga Cultural Landscape маданий ландшафты да кирди. Бул уникалдуу жер 2025-жылы UNESCO дүйнөлүк мурас тизмесине кирген.
Аталган жер дүйнөдөгү эң ири аскалуу сүрөттөр топтолгон жерлердин бири катары белгилүү. Бул жерде миңдеген жылдар мурун тартылган сүрөттөр сакталып, алардын айрымдарынын жашы 50 миң жылдан ашат.
Бул көркөм мурастар тарыхый жактан абдан баалуу, анткени алар адамзаттын эң алгачкы маданиятын, аң-сезимин жана жашоо образын чагылдырып, маалымат берип турат. Бул жай жөн гана туристтик жер эмес, адамзат тарыхын түшүнүүгө жардам берген баа жеткис маданий мурас болуп эсептелинет.

Ташкенттеги заманбап искусство борбору
Бул жылы TIME журналы чыгарган тизмеге Centre for Contemporary Arts Tashkent заманбап искусство борбору да кирди. Аталган борбор Өзбекстандагы Ташкент шаарынын тарыхый районунда жайгашкан.
Борбор 1912-жылы курулуп, кийин эски өнөр жай объектин кайрадан жандандыруу аркылуу маданий мейкиндикке айланган. Мекеме заманбап искусствону өнүктүрүү менен катар, коом менен байланыш түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну белгилейт.
Адистердин айтымында, мындай мейкиндиктер Борбор Азиядагы искусствонун өнүгүшүнө жаңы дем берип, эл аралык деңгээлде да кызыгууну жаратат.

Майами-Бичтеги уникалдуу суу алдындагы парк
Бул жылдагы "Дүйнөнүн эң кооз жерлери" тизмесине АКШдагы The ReefLine уникалдуу суу алдындагы парк кирди. Бул өзгөчө долбоор АКШнын Майами-Бич шаарында жайгашкан эң уникалдуу туристтик жайлардын бири болуп эсептелет.
Мындай суу алдындагы паркка келген коноктор атайын маршрут менен суу астына түшүп, искусство менен табияттын айкалышын жакындан көрө алышат. Бул долбоордун негизги максаты искусство аркылуу деңиз экосистемасын калыбына келтирүүгө салым кошуу.
Адистердин пикиринде, бул жай экология менен искусствону айкалыштырган инновациялык долбоор болуп, келечектеги туруктуу туризмдин мыкты үлгүсү болот.
