АКШ Сенаты кайрадан Дональд Трампга Конгресстин түз макулдугусуз Иранга каршы согуш жүргүзүүгө тыюу салган резолюцияны колдогон жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгында 47 сенатор макул деп, 53 сенатор каршы деп добуш беришти. Мыйзам долбоорунун автору республикачыл сенатор Рэнд Пол болгон. Ал март айынын башында да ушуга окшош резолюцияны сунуштаган, бирок ал дагы четке кагылган.
Белгилей кетсек, Пол Сенаттагы республикалык партиянын ичинен Трамптын аскердик ыйгарым укуктарын чектөөнү колдогон жалгыз өкүл.