Биз социалдык тармакта

Ислам өлкөлөрү Иранды чабуулдарды токтотууга чакырышты

12 араб жана ислам өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери Иранды чабуулдарды токтотууга чакырышты. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Ирандын Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган соккулары актоого мүмкүн эмес деп бааланууда. Анткени чабуулдар жарандык объекттерге жана турак жай аймактарына тийип жатканы белгиленген. Ушуга байланыштуу Тегеранга тез арада аракеттерин токтотуу талабы коюлду.

Эр-Рияд шаарында өткөн жолугушууда катышуучулар булуңдагы араб өлкөлөрүнүн өзүн-өзү коргоого укугу бар экенин билдиришти. Ошондой эле Ирандын аракеттерин токтотуу үчүн биргелешкен ишти улантуу боюнча макулдашышты.

Жолугушууга Азербайжан, Бахрейн, Египет, Иордания, Катар, Кувейт, Ливан, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Сауд Арабиясы, Сирия жана Түркиянын тышкы иштер министрлери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан