Финляндия тогузунчу жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк бакыт боюнча баяндамасында айтылды.
Маалыматка ылайык, рейтингде экинчи орунду Исландия, ал эми үчүнчү орунду Дания ээледи. Ошондой эле скандинавиялык өлкөлөр бул жылы да алдыда.
Алдыңкы төрттүккө Коста-Рика да кирди.
Ал эми эң бактылуу 10 өлкөнүн катарына төмөнкүлөр да кошулган:
— Швеция
— Норвегия
— Нидерланды
— Израил
— Люксембург
— Швейцария
Башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча, АКШ 23-орунда турат.
Баяндамага ылайык, өлкөлөрдүн бакыт деңгээли жашоо сапаты, социалдык колдоо, киреше жана эркиндик сыяктуу факторлордун негизинде бааланат.