АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан аскердик операциянын качан аяктаары боюнча азырынча так мөөнөт жок экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, операциянын жыйынтыгы жана узактыгы кырдаалга жараша аныкталат. Акыркы чечимди АКШнын президенти Дональд Трамп кабыл алат.
Белгилей кетсек, Иран менен байланышкан чыңалуу күчөп жаткан шартта АКШ алдын ала так убакыт белгилебей, кырдаалга жараша аракет кылууну туура көрүүдө.
Адистер мындай билдирүү операциянын узакка созулушу мүмкүн экенин жана аймактагы туруксуздуктун сакталуу коркунучун жогорулатарын белгилешүүдө.