АКШ Ирандын Харк аралын каалаган учурда басып алууга жөндөмдүү. Мындай билдирүүнү АКШ президенти Дональд Трамп журналисттер менен жолугушууда билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Харк аралы "абдан кичинекей жана дээрлик корголбогон арал" болуп саналат. "Биз аны каалаган убакта басып ала алабыз", — деди Трамп.
Буга чейин Axios порталы булактарына таянып, АКШ администрациясы Иранга таандык бул аралды басып алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазган. Мындай операция америкалык аскерлерди түшүрүүнү талап кылары белгиленген.
Өз кезегинде Ислам революциясынын сакчылар корпусу деңиз күчтөрүнүн командачысы Алиреза Тангсири АКШ тараптан мүмкүн болгон чабуул олуттуу кесепеттерге алып келерин эскерткен. Анын айтымында, Харк аралында Ирандын эң ири мунай терминалы жайгашкандыктан, мындай аракет дүйнөлүк мунай баасына таасир этет.