Казакстандын Алматы шаарында Нооруз майрамына карата "Домбыра үні" аттуу масштабдуу флешмоб уюштурулууда. Иш-чарага 6–10-класстын 11 миң окуучусу катышып, домбра менен күүлөрдү бир убакта аткарышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар маалымдашууда.
Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага белгилүү казакстандык артисттер Асылбек Енсепов, Ринат Гайсин, Нурлан Албан жана Али Окапов катышып, көрүүчүлөрдү куттукташат.
Уюштуруучулар бул флешмобду өлкөдөгү эң массалык домбра аткаруусу катары каттап, рекорд коюуну көздөшүүдө. Мындай иш-чаралар жаш муунду тарбиялоодо жана улуттук маданиятты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной тургандыгы кошумчаланды.