Биз социалдык тармакта

Перс булуңунда чыңалуу күчөдү: Араб өлкөлөрү жаңжалга кошулушу мүмкүн

АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан бери дээрлик үч жума өттү. Алгач “кыска мөөнөттүү операция” болот деген күтүүлөр акталган жок. Чабуулдар уланууда, бирок негизги максаттарга — Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүгүн алсыратуу жана өзөктүк маселени чечүү — жетишүү азырынча мүмкүн боло элек.

Бул аралыкта Перс булуңундагы абал барган сайын курчуп баратат. Аймактагы араб мамлекеттери Иранга карата позициясын катаалдантып, айрыкча алардын энергетикалык объекттерине жасалган соккулардан кийин нааразычылыгын күчөтүүдө. Адистердин баамында, бул өлкөлөр заманбап авиация, күчтүү танк бөлүктөрү жана ракеталык системдер менен жабдылгандыктан, жаңжалга аралашса, олуттуу күчкө айланышы мүмкүн.

Ошол эле учурда АКШнын ичинде да пикир келишпестиктер көбөйүүдө. Саясий чөйрөлөрдө Иранга каршы операцияны жыйынтыктап, азыркы жетишкендиктер менен токтотуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Себеби, күтүлгөн стратегиялык бурулушка жетишилген жок.

Пентагондун башчысы Пит Хегсет мурда бул операция Ирактагыдай узак согушка айланбашы керектигин айткан. Бирок азыркы кырдаал тескерисинче, жаңжал созулуп кетүү коркунучу жогору экенин көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан