Израил АКШ менен бир убакта Иранга каршы аскердик операцияларын токтотууга даяр болот. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү билдирди.
"Ооба, менимче, ошондой болот", - деди ал Ак үйдө журналисттин бул маселе боюнча суроосуна жооп берип жатып.
Ошол эле учурда Трамп анын администрациясы Иран менен ок атышууну токтотууну көздөбөй турганына ишендирди. "Жок, бизге мунун кереги жок", - деди америкалык лидер ок атышууну токтотууну талкуулап жатып.
АКШнын президенти АКШнын аскерлери Иранга сокку урууда эбегейсиз ийгиликтерге жетишкенин кайталады. "Аскердик көз караштан алганда, Иран бүттү", - деп кошумчалады.