Кытай сыяктуу өлкөлөр Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз жүк ташууларды калыбына келтирүүгө жардам бериши керек. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Эгерде башка өлкөлөр, анын ичинде Кытай да буга катышса жакшы болмок", - деген ал.
Трамп Кытай энергия менен камсыздоонун олуттуу бөлүгүн Ормуз кысыгы аркылуу алгандыктан, Бээжиндин катышуусун колдой турганын айткан. Америкалык президент дагы бир жолу аскердик көз караштан алганда, кысыктын коопсуздугун камсыз кылуу кыйын операция эмес экенин белгилеген. "Бирок бул үчүн кемелер", - деп кошумчалаган Трамп.
Буга чейин АКШ президенти Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууну калыбына келтирүүдө Кытайдан жардам күтөрүн билдирген.