Түндүк Атлантика альянсы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Ирактагы кеңеш берүүчү миссиясын аяктап жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жума күнү билдирди.
Агенттиктин маалыматы боюнча, НАТО миссияга катышкан жүздөгөн аскерлерин Европага кайра жайгаштырган. НАТОнун Европадагы бириккен күчтөрүнүн жогорку командачысы, генерал Алексус Гринкевич бул аскерлер Ирактан жума күнү чыгып кеткенин ырастаган.
Түндүк Атлантика альянсы 2018-жылы Иракта Коргоо министрлигин жана полицияны кошо алганда, Ирак бийлигине кеңеш берүүчү колдоо көрсөтүү үчүн машыгуу миссиясын баштаган.