Иран АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн стратегиялык учактары колдонгон Индия океанындагы Диего Гарсия аралындагы базага ракеталык сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кечээ, 20-мартта Ирандын жээгинен 3800 чакырым алыстыкта жайгашкан аралга эки орто аралыкка атуучу баллистикалык ракета учурулган. Бирок эки ракета тең максатына жеткен эмес.
Ракеталардын бири деңизге түшкөн, ал эми экинчиси АКШнын эсминецинен учурулган SM-3 кармоочу ракетасы менен бутага алынган.
Диего Гарсиядагы аба базасы АКШнын оор бомбалоочу учактары үчүн негизги аэродром болуп саналат. Ал Пентагондун чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы операциялары үчүн маанилүү алдыңкы база катары кызмат кылат.