Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгынан Япониянын кемелерин коопсуз өткөрүүгө даяр

Тегеран Япония желеги астындагы коммерциялык кемелердин Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүшүн камсыз кылууга даяр. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.

"Иран Япония кемелеринин Ормуз кысыгынан эч кандай көйгөйсүз өтүшүнө уруксат бере алат. Талкуулоо уланууда", - деп келтиришти чет элдик басылмалар анын сөзүн.

Аракчи Иран кысыкты жаппаганын жана ал ачык бойдон кала берерин, бирок АКШ менен Израилдин Иранга каршы соккуларына катышкан достук мамиледеги эмес өлкөлөргө чектөөлөр киргизилгенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан