Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран коңшу араб жана ислам өлкөлөрү менен кагылышууну көздөбөй турганын билдирди.
"Ислам өлкөлөрүнө жана биздин урматтуу кошуналарыбызга: силер биздин бир туугандарыбызсыңар, биз силер менен кагылышууну көздөбөйбүз. Биздин пикир келишпестиктерибиздин жалгыз пайдасын сионисттик түзүлүш көрөт (ред.: Израил)", - деп жазган ал X социалдык тармагында араб тилинде.