Израилдин Димона жана Арад шаарларына жасаган Ирандын ракеталык соккуларынан 100дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, Арадда турак жай аймагына ракета тийип, 71 адам жаракат алса, алардын 10унун абалы оор.
Буга чейин Израилдин медициналык органдары Ирандын Израилдин түштүгүндөгү Димона шаарына ракеталык чабуулунан кийин кеминде 47 адам ооруканага жаткырылганын билдирген.
Димона да, Арад да Иран бийлигинин билдиришинче, Израилдин өзөктүк борборунун жанында жайгашкан.