Кореялык музыкалык топ BTS сахнага кайтып келип, төрт жылдан бери Сеулда биринчи концертин өткөрдү.
Чет элдик басылмалардын жазгандарына караганда, кирүү акысыз болгон жана иш-чара шаардын борборундагы Кванхвамун аянтында өткөн. Он миңдеген көрүүчүлөр катышкан.
2022-жылы топтун мүчөлөрү аскердик кызмат өтөөгө даярданып жаткандыктан, карьерасынан тыныгуу жарыялашкан.