Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги Ирандан Эр-Риядга карай атылган үч баллистикалык ракета аныкталганын билдирди. Ракеталардын бири атып түшүрүлгөн. Ал эми калган экөөсү ачык жерге түшкөн.
Министрликтин маалыматы боюнча, ракеталар Эр-Рияддын жанындагы буталарга атылган. Андан тышкары министрлик түн ичинде Сауд Арабиясынын чыгышында дрондордун атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.
Ирандын Tasnim маалымат агенттиги Эр-Рияддын түштүгүндө жайгашкан ханзаада Султан аба базасында жарылуулар болгонун кабарлады.
AFP агенттигинин маалыматы боюнча, Бириккен Араб Эмираттары Ирандан келе жаткан аба соккуларына жооп кайтарганын билдирди. БАЭнин Коргоо министрлигинин өкүлү ошондой эле өлкөнүн чыгыш аймагында үч дрон атып түшүрлгөнүн белгилеген.