Американын Техас штатындагы Хьюстон шаарына жакын жердеги турак жайдын чатырына метеориттин бөлүкчөсү түштү. Бактыга жараша, андан жабыркагандар жок экендигин New York Times басылмасы жазды.
Маалым болгондой, окуя 21-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:45те болгон.
Өрткө каршы кызматтын маалыматы боюнча, метеорит бөлүкчөсү эки кабаттуу үйдүн чатырын тешип, уктоочу бөлмөнүн полуна түшкөн.
"Мен бөлмөмдө элем, күтүлбөгөн жерден катуу үн чыкты. Эмне болуп жатканын түшүнбөй калдым",- деген үй кожойкеси полдон алакандай болгон ташты көргөнүн айтат.
Тийиштүү кызмат өкүлдөрү метеорит бөлүкчөсү коопсуз экенин белгилешкен. Ал эми үй ээси чатырды жана турак жайдын шыбын калыбына келтирүү үчүн онлайн-эсеп ачкан.