Биз социалдык тармакта

Никол Пашинян Еревандагы метродо уруша кеткен аялдан кечирим сурады 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еревандагы метродо Карабахтан көчүп келген аялга уулунун көзүнчө үн көтөрүп, урушканы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазган.

"Урматтуу Мосиян айым, мен сизден жана уулуңуздан ачуум үчүн кечирим сурайм. Биз кайрадан жолугуп, тынч сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз деп үмүттөнөм. Мен бул сүйлөшүү болушун каалайт элем",- деп билдирүү калтырган Пашинян.

Ошондой эле ал туура эмес жана үнүн бийик көтөрүп сүйлөп алганын моюндаган.

Белгилей кетсек, 22-мартта Никол Пашинян шаар кыдырып жүргөн кезинде метрого түшүп, андагы армян калкынын Карабахтан көчүп кеткени тууралуу суроо узаткан аял менен уруша кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан