Биз социалдык тармакта

Журналист Махабат Тажибек кызы райондук соттун чечими менен абактан бошотулду

Бүгүн, 23-мартта "Temirov Live" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы абактан бошотулду.

Ленин райондук соту журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага карата мурдагы чара алынып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен чыгарылды.

Белгилей кетсек, 2 жыл мурун аталган сот аны 6 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Кийинки инстанцияларда өкүм күчүндө калтырылган.

Ал эми 10-мартта Жогорку сот камактагы журналисттин буга чейинки өкүмдөрүнүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Ленин райондук сотуна жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан