Нью-Йорктогу Ла-Гуардиа аэропортунда жүргүнчү ташыган учак менен өрт өчүрүүчү унаанын кагылышуусунан кеминде 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анда айтылгандай, ооруканага 11 адам жана өрт өчүрүүчү унаанын эки кызматкери жеткирилген.