Франциянын экс-премьер-министри Лионель Жоспен 88 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар анын үй-бүлөсүнө таянып жазышууда.
Жоспен француз өкмөтүн 1997-2002-жылдар аралыгында жетектеген. Ал кызматта турган кезде өлкөдө социалдык жана экономикалык реформалар жасалган. Анын ичинен эмгек акынын дегээлин сактап калуу менен иш жумасын 39 сааттан 35 саатка чейин кыскартуу негизгиси болуп калды.
Жоспен 1995-жылы президенттикке ат салышып, бирок Жак Ширакка жол бошоткон. Көп жылдар бою саясатчы Франциянын социалисттик партиясын жетектеп турду. 2002-жылы ал кайрадан президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, бирок жеңилип калган. Андан соң ал чоң саясаттан кеткенин жарыялаган.