Колумбиянын "Миллонариос" клубунун жаш футболчусу Сантьяго Касриллон 18 жашында каза болду. Бул тууралуу клубдун расмий сайтында айтылат.
Маалым болгондой, 21-мартта Колумбиянын жаштар арасындагы (U-20) чемпиондугунда футболчу эсин жоготуп жыгылып, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин көргөн аракеттерине карабай футболчу 22-мартта каза болуп калган.
"Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",- деп айтылат клубдун маалыматында.
Ал "Мильонариос" клубунун жаштар курамасында ойночу. Ал бир нече жолу команданын негизги тизмесине киргизилген, бирок ал үчүн дебют жасай алган эмес.