Иран армиясы Иордания аймагындагы АКШнын авиабазасына сокку урду. Бул тууралуу Иран армиясына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Аскерий маалыматка ылайык, чабуул Аль-Азрак авиабазасы багытында жүргүзүлгөн. Ал жерде АКШ аба күчтөрүнүн F-35 жана F-15 истребителдери жайгашканы белгиленген.
Иран армиясынын билдирүүсүндө, чабуулдар учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу ишке ашырылганы айтылат. Ошондой эле Израил аймагындагы аскерий объекттерге, анын ичинде Тель-Ноф авиабазасы багытында да соккулар жасалганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, акыркы апталарда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп, АКШ жана Израил 28-февралдан тарта Иран аймагындагы объекттерге сокку ура баштаган. Тегеран бул аракеттерге жооп иретинде каршы чабуулдарды жүргүзүп жатканын билдирүүдө.
Учурда кырдаал эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болуп, аймактагы чыңалуунун мындан ары күчөшү мүмкүн экени айтылууда.