Индиянын премьер-министри Нарендра Моди парламентте сүйлөп жатып, траптарды Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакты мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Индия тараптардын мүмкүн болушунча тезирээк тынчтык жолу менен сүйлөшүүсүн колдойт. Мен жаңжал тууралуу Батыш Азиядагы бардык лидерлер менен сүйлөшүп жатам", - деген ал.
Ошондой эле Моди Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн лидерлерин чыңалууну басаңдатууга жана жаңжалды токтотууга салым кошууга чакырган.