Биз социалдык тармакта

Окумуштуулар келгиндер жашашы мүмкүн болгон планеталарды аныкташты

Корнелл университетиндеги Карл Саган институтунун окумуштуулары жүргүзгөн жаңы изилдөөдө ааламда акыл-эстүү жашоо үчүн ылайыктуу болушу мүмкүн болгон бир нече планеталар бар экени айтылды. Изилдөө Monthly Notices of the Royal Astronomical Society журналында жарыяланган.

Изилдөөгө ылайык, 45 таштак планета "эмпирикалык жашоого ылайыктуу аймакта" жайгашкан, ал эми 24 планета андан да так эсептелген "үч өлчөмдүү жашоого ылайыктуу зонада" орун алган.

Бул планеталардын арасында Проксима Центавра b да бар. Ал Жерден болжол менен 4,2 жарык жылы алыстыкта жайгашкан жана жашоого мүмкүнчүлүгү бар эң жакын экзопланеталардын бири болуп саналат.

Ошол эле учурда аталган планеталар адамзат үчүн азырынча өтө алыс. Окумуштуулардын айтымында, мындай изилдөөлөр келечекте астрономдорго жашоого ылайыктуу дүйнөлөрдү так аныктоого жана изилдөөлөрдү туура багытта жүргүзүүгө жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан