Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаз айы Нооруз майрамы менен кошо келет

Жаңы бышкан нандын жыты, балдардын күлкүсү, обондордун жаңырыгы жана абадагы өзгөчө жаңылануу бул күндөрдү өзгөчө сезимге бөлөйт. Салт боюнча "Ала-Тоо" аянты чоң майрамдын очогуна айланып, миңдеген адамдарды бириктирет. Бул жерге таң эртеден тарта үй-бүлөлөр, достор жана борбор калаанын коноктору чогулуп, жаңы үмүттөр менен жаңы башталышты тосушат. Алардын катарында жазгы майрамды дагы да жылуу кылгандар да бар. Ушул багытта быйылкы элдик майрамга өлкөдөгү ири ритейлерлердин бири болгонУмай Групп компаниясы да кошулду.

Баарына тааныш Народный, Globus, Достор жана SPAR бренддери бир күнгө дүкөндөрүнүн алкагынан чыгып, шаардагы майрамдын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Бул көпчүлүк үчүн күтүүсүз, бирок жагымдуу жолугушуу болду. Анткени адаттагыдай жогорку сапат жана камкордук менен бөлөнгөн сүйүктүү азыктар борбор калаанын так ортосуна жетти.

Бирок Умай Групптун катышуусу жөн гана даамдар же көңүл ачуу менен чектелбейт. Алар шаардагы жашоого сүңгүп кирүүнү көздөйт. Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Бакыт Караев белгилегендей, компания шаардык демилгелерди жана майрамдарды — Ноорузду, Балдарды коргоо күнүн жана башка маанилүү даталарды — дайыма колдоп келет. Анын айтымында, бул ишмердүүлүктүн артында жөн гана бизнес эмес, коомдун бир бөлүгү болуу, эл менен бирге маанилүү учурларды тең бөлүшүү ынтызарлыгы турат.

Бүгүнкү күндө Умай Групп өлкө боюнча 167ге жакын дүкөндү камтып, күн сайын "Народный", Globus, "Достор" жана SPAR дүкөндөрүнө ишеним арткан 270 миңден ашуун кардарга кызмат көрсөтөт. Компания алдыдагы майрамдарда да, күнүмдүк жашоодо да эл менен бирге болуп, ар бир кыргызстандык үчүн сүйүү менен иштөөнү улантарын билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан