Биз социалдык тармакта

Израил Ливандын түштүгү менен чыгышын байланыштырган көпүрөгө сокку урду

Бүгүн, 23-мартта Израилдин аскердик авиациясы Ливандын түштүгүндөгү Длафа көпүрөсүнө абадан сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, күбөлөрдүн айтымында, көпүрөгө эки жолу авиасокку жасалып, ал дээрлик толугу менен талкаланган.

Длафа көпүрөсү Литани дарыясы аркылуу өтүүчү негизги өтмөктөрдүн бири болуп саналат. Ал өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарын байланыштырууда маанилүү роль ойнойт, айрыкча азык-түлүк, күйүүчү май жеткирүүдө жана жарандардын жүрүп-туруусунда чоң мааниге ээ.

Маалыматтарга караганда, буга чейин да Израиль авиациясы Литани дарыясы аркылуу өткөн башка маанилүү көпүрөлөрдү, анын ичинде борбордук аймактарга алып барган негизги жолдогу өткөөлдү да талкалаган.

Учурда аймактагы кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан