Биз социалдык тармакта

Колумбияда аскердик учак кулап, ондогон адам жаракат алды

Колумбиянын түштүгүндө өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнө таандык учак кулап, оңдогон адам жаракат алды. Чет элдик басылмалар кырсык 23-мартта орун алганын кабарлашты.

Өлкөнүн коргоо министри Педро Санчестин айтымында, кырсык Пуэрто-Легуизамо муниципалитетинде учуп бара жатканда болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, учакта 100дөн ашык адам болгон.

Колумбиянын президенти Густаво Петро акыркы маалыматтар боюнча бир адам каза болуп, 77си жарадар болгонун, дагы 43 кишинин тагдыры белгисиз экенин билдирди.

Жергиликтүү "BluRadio" басылмасы учакта 110 аскер болгонун маалымдаган. Кырсыктын себептери азырынча тактала элек.

Белгиленгендей, кыйраган учак америкалык Lockheed Martin аскердик-өнөр жай корпорациясы чыгарган С-130 Hercules учагы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан