Биз социалдык тармакта

Ким Чен Ын АКШны террордук аракеттерди жасап жатат деп айыптады 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШны дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик терроризм жана агрессия жүргүзүп жатат деп айыптады. Бул тууралуу ал КЭДРдин жогорку элдик сессиясында сүйлөп жатып айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, АКШнын текебер жана ойлонбой жасаган зомбулук аракеттери дүйнө коомчулугунун каршылык көрсөтүү эркин алсыраткан жок.

"Учурда АКШ дүйнө жүзүндө мамлекеттик терроризмди жана агрессивдүү аракеттерди жүргүзүп жатканына карабастан, анын мындай зомбулук саясаты көз карандысыздыкка жана теңдикке умтулган адамзаттын эркин басаңдаткан жок. Тескерисинче, бул көрүнүш антиамерикалык маанайды күчөтүп, көз карандысыз күчтөрдү биримдикке жана каршылыкка үндөп жатат",- деп билдирди Түндүк Кореянын лидери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан