АКШ Ирандын парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибафты өлкөнүн мүмкүн болгон келечектеги лидери катары карап жатат. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы Ак үйдөгү булактарга таянуу менен жазган.
Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы жашыруун түрдө Иран парламентинин төрагасын өнөктөш жана келечектеги лидер катары көрүүдө.
Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, Ак үйдүн сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өнөктөш издөөсү Вашингтондун жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга кызыкдар экенин билдирет.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-мартта Трамп АКШ менен Иран чыр-чатакты жөнгө салуу маселеси боюнча “жемиштүү сүйлөшүүлөрдү” өткөргөнүн жана Ирандын электр станцияларына сокку урууну убактылуу токтотконун жазган болчу.