Биз социалдык тармакта

Колумбияда кулаган аскердик учактын видеосу тарады

Колумбиянын түштүгүндө өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнө таандык учак кулап, кеминде 34 адам каза болду. Бул тууралуу BBC кызматы жазды.

Өлкөнүн аба күчтөрүнүн командачысы Карлос Фернандо Силва Руэданын айтымында, учакта 114 жүргүнчү жана 11 экипаж мүчөсү болгон.

Бул арада Колумбиянын президенти Густаво Петро кырсыктан 77 адам жарадар болгонун, дагы 43 киши белгисиз болуп жатканын Х тармагында кабарлады. Ал эми коргоо министри Педро Санчес кырсык Пуэрто-Легуизамо муниципалитетинде болгонун тастыктады. Айтымында, учак аэродромдон болжол менен бир жарым чакырым алыстыкта ​​кулаган.

Кырсыктын себептери азырынча тактала элек.

Белгиленгендей, кыйраган учак америкалык Lockheed Martin аскердик-өнөр жай корпорациясы чыгарган С-130 Hercules учагы болгон.



Колумбияда аскердик учак кулап, ондогон адам жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан