Биз социалдык тармакта

ЮНИСЕФ Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда каза болгон балдардын санын жарыялады

АКШ менен Израилдин Иранга жасаган аскердик операсынан каза болгон же жаракат алган балдардын саны 2,1 миңге чамалады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Тед Чайбан билдирген.

"Жакынкы Чыгыштагы кагылышуу 23 күнгө созулуп бара жаткандыктан, аймактагы балдар анын үрөй учурган таасирин баштан кечиришүүдө. Анын кесепетинен 2,1 миң бала жаракат алып же каза болду. Анын ичинен Иранда 206 бала, Ливанда 118 бала каза болгон. Израилде төрт бала, Кувейтте бир бала набыт болду",- деген ал.

Ошондой эле Чайбан аскердик кырдаал улана берсе, жоготуулардын саны өсө берерин эскерткен.

"Аскердик операция башталгандан бери күн сайын орточо эсеп менен 87 бала жаракат алып же каза болушкан",- деп белгилеген ал.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга кол салып, буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Ушул күндөргө чейин уланган чабуулдардын кесепетинен миңдеген имараттар талкаланып, жүздөгөн адамдар каза болду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан