Биз социалдык тармакта

Тегеранда Трамптын “Иран жер жүзүнөн жок кылынды” деген билдирүүсүнө жооп беришти

Иран президенти Масуд Пезешкиан АКШнын президенти Дональд Трамптын “Иран жер жүзүнөн жок кылынды” деген билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Пезешкиан америкалык лидердин сөздөрүн “үмүтсүздүктү жана алсыздыкты көрсөткөн элес” деп атады. Анын айтымында, Иранды жер жүзүнөн жок кылуу тууралуу сөздөр элдин эркине каршы турууга мүмкүн эместигин көрсөтөт.

“Иранды жок кылуу тууралуу элес – бул тарыхты жаратып жаткан элдин эркинин алдында алсыздыкты билдирет. Коркутуулар жана террор иран элин мурдагыдан да бекем бириктирет”,- деп жазды ал Х социалдык тармагында.

Ошондой эле ал Ормуз кысыгы боюнча да пикирин айтты. Президенттин айтымында, кысык бардык өлкөлөрдүн кемелери үчүн ачык, бирок Иранга кол салган мамлекеттер үчүн жабылышы мүмкүн.

“Бизге карата болгон коркутууларга катуу жооп берилет”,- деп белгиледи Пезешкиан.

Буга чейин Трамп Truth Social платформасында жарыялаган билдирүүсүндө АКШ Иранды толугу менен талкалаганын айткан. Ал Ирандын деңиз күчтөрү, аба күчтөрү, абадан коргонуу жана радиолокация системдери жок кылынганын, ошондой эле аскердик жетекчилеринин көбү ликвидация болгонун билдирген.

17-марттагы билдирүүсүнөн кийин бир нече күн өткөн соң, Трамп АКШ Жакынкы Чыгыштагы максаттарына жакындап калганын айтып, Иранга каршы аскердик операцияны токтотушу мүмкүн экенин кошумчалаган. Анын айтымында, негизги максаттарга Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүгүн толук жок кылуу, коргонуу өнөр жайын талкалоо, ошондой эле деңиз жана аба күчтөрүн жок кылуу кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан