Белгилүү казакстандык блогер Ильяр Ювашевге (Ильярчик) эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралу Казакстандын Каржы мониторинг агенттиги билдиргенин казакстандык басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, аталган блогер 2024-2025-жылдар аралыгында онлайн казино тармагын түзүүгө жана башкарууга катышканы үчүн айыпталууда.
"Терминалдар жана электрондук төлөмдөр аркылуу жалпы суммасы 3,6 миллиард теңгеден ашык каражат которулган",- деп билдирген аталган агенттик.