Биз социалдык тармакта

Түндүк Корея Түштүк Кореяны “эң душман мамлекет” деп тааныды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсү расмий түрдө Түштүк Кореяны “эң душман мамлекет” деп тааныганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылууда.

Ким Чен Ын бул билдирүүнү Түндүк Кореянын Жогорку элдик жыйынынын 15-чакырылышындагы биринчи сессияда жасады. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, Түндүк Корея “Түштүк Кореяны ачык билдирүүлөр жана аракеттер аркылуу толугу менен четке кагат жана көз жаздымда калтырат”.

Лидер ошондой эле Сеул тарабынан жасалышы мүмкүн болгон бардык чагымчыл кадамдар “жаман кесепеттерге” алып келерин эскертти. Ал Түндүк Кореянын ядролук куралдуу мамлекет катары статусу эч качан өзгөрбөсүн белгиледи.

“Өлкөнүн намысы, кызыкчылыгы жана акыркы жеңиши эң күчтүү күч менен гана камсыз кылынышы мүмкүн. Душмандар тандаган жол - каршылык көрсөтүү же тынч жашоо - аларга калат, биз болсо ар кандай тандоого жооп берүүгө даярбыз”,- деди Ким Чен Ын.

Ошондой эле ал Түндүк Кореянын "коргонуу максатындагы ядролук программаны уланта берерин", ядролук күчтөрдүн "оперативдүү жана так" даярдыгын сактап, улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыздоого, стратегиялык коркунучтарга каршы турууга даяр болорун белгиледи.

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын ядролук куралдуу мамлекет катары статусун чыңдоону улантып, душман күчтөрдүн бардык провокацияларын активдүү түрдө басууга багытталган чараларды улантарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан