Түркия АКШ менен Иранга ортомчулук кылууну сунуштады, бирок сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн азырынча конкреттүү кадамдар жасала элек. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости басылмасына Түркиянын дипломатиялык булактары билдирген.
Андагы маалыматка караганда, Түркия эки тараптуу сүйлөшүүлөргө мейкиндик түзүүгө даяр.
"Түрк тарап АКШ менен Иранга ортомчулук кылууну сунуштады. Бирок азырынча сүйлөшүү процессинин кайра жанданышына алып келе турган конкреттүү кадамдар жок. Жооп боло элек",- деп жазылган анда.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ менен Иран өлкөлөр ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салуу маселеси боюнча “жемиштүү сүйлөшүүлөрдү” өткөргөнүн билдирген.