Биз социалдык тармакта

Данияда парламенттик шайлоо өтүп жатат 

Данияда бүгүн, 24-мартта парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюча саат 8:00дө ачылган, ал саат 20:00дө аяктайт. Анда 4,3 миллионго жакын даниялыктар добуш берүүгө укуктуу.

"Сурамжылоолорго караганда, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксендин "Социал-демократтар" партиясы алдыда келе жаткан талапкер катары эсептелет жана шайлоодо жеңип чыгышы мүмкүн. Анын негизги атаандашы либералдык "Венстр" партиясынан коргоо министри Трулс Лунд Поулсен. Учурдагы премьер-министр үчүнчү мөөнөткө ат салышат деп күтүлүүдө",- деп жазышты басылмалар.

Маалымат үчүн: Даниянын парламенти - Фолькетинг төрт жылга шайланат. Ал 179 орундан турат. Даниядан 175 депутат, Гренландия жана Фарер аралдарынан экиден депутат шайланат. Акыркы жолу парламенттик шайлоо 2022-жылдын ноябрь айында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан