
Беларус президенти Александр Лукашенко белгилүү ырчы Алла Пугачёваны эгиз балалуу болгону үчүн мактады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Мамлекет башчысы балалуу болуу үчүн заманбап технологияларды колдонгон аялдарды сындабоого чакырды. Анын айтымында, Пугачёва суррогат энеликтин жардамы менен балалуу болгондо көпчүлүк тарабынан сынга алынган.
“Кандай моралдык принциптер? Алар кимден чыгат? Эгер аял балалуу болгусу келсе - бул ыйык каалоо. Табигый жол менен мүмкүн болбосо, жардам берүү керек”,- деди Лукашенко.
Ал ошондой эле белгилүү ырчыны мисал келтирип, заманбап репродуктивдик технологиялардын жардамы менен эки балалуу болгонун белгиледи.
“Аны чиркөөдөн тартып жөнөкөй адамдарга чейин сындай башташкан. Мен болсо: Кандай сонун дедим. Балдары жакшы деп жатышат, эң негизгиси ошол. Кандай жол менен болсо да, эң башкысы - ден соолугу чың балдардын төрөлүшү”,- деп кошумчалады ал.
Бул тема “экстракорпоралдык уруктандыруу” боюнча президенттин жарлыгынын долбоорун талкуулоо учурунда көтөрүлгөн.
Белгилей кетсек, 2019-жылы Александр Лукашенко Алла Пугачёвага “Элдер достугу” орденин тапшырган.
Алла Пугачёва жолдошу Максим Галкин жана эгиз балдары менен 2022-жылдан бери Орусиядан тышкары жашап келет.