Биз социалдык тармакта

Улуу Британиянын айрым аймактарында дыйкандарга күйүүчү май сатууга чектөө киргизилди

Улуу Британия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу айыл чарба техникаларынын ээлерине күйүүчү май сатууда чектөө киргизүүгө аргасыз болду.

The Daily Telegraph басылмасы жазгандай, Англиянын Эссекс округунда жана Шотландиянын айрым аймактарында дыйкандар үчүн дизелдик отунга чектөөлөр коюлган.

"Дүң сатуучулар бардык фермерлер күйүүчү май алышын камсыз кылуу үчүн чектөөлөрдү киргизип жатышат",- деди "Англия Фермерлер" компаниясынын өкүлү Патрик Крехан.

Шотландиядагы фермерлер сатуучулар ар бир кардарга 500 литрден ашык дизель сатпай жатканын айтышкан. Ал эми Дыйкандардын улуттук союзу абалды тыкыр көзөмөлдөп жатканын, бирок дизель же жер семирткич менен камсыздоодо кеңири көйгөйлөр тууралуу эч кандай билдирүүлөр болбогонун белгилеген.

Өлкөнүн эң ири автосервис компанияларынын бири болгон RAC маалыматы боюнча, Улуу Британияда дизелдик отундун баасы Ирандын айланасында эскалация башталгандан бери 17 пайызга, ал эми бензиндин баасы 9 пайызга кымбаттады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан