Биз социалдык тармакта

Орусиядагы Жеңиш парадына кимдер чакырылат? Песков жооп берди

Орусия Жеңиш күнүнө арналган парадга кимдер келери тууралуу маалыматты алардын катышуусун расмий тактагандан кийин жарыялайт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, Орусия майрамдык иш-чарага достук мамиледеги өлкөлөрдүн өкүлдөрүн чакырууну жана алардын катышуусун каалайт.

"Биз мүмкүн болушунча көп дос өлкөлөрдүн катышуусун каалайбыз. Коноктордун тизмеси толук такталып, алардан расмий ырастоо алынгандан кийин гана кабарлайбыз",- деген Песков журналистерге маек берип жатып.

Учурда майрамдык парадга кайсы өлкөлөрдүн лидерлери чакырылары тууралуу так маалымат айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан