6–12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык Арена” спорттук комплексинде боло турчу спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандын кыздар курамасы даяр.
Маалым болгондой, мелдешке Азиянын эң күчтүү балбандары чогулуп, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча
күч сынашат.
Алар:
53 килограммга чейин — Азиза Келдибекова;
55 килограммга чейин — Арууке Кадырбек кызы;
57 килограммга чейин — Танчолпон Кыбалбекова;
59 килограммга чейин — Сезим Жуманазарова;
62 килограммга чейин — Дилназ Сазанова;
65 килограммга чейин — Гүлнур Таштанбекова;
68 килограммга чейин — Мээрим Жуманазарова;
72 килограммга чейин — Нурзат Нуртаева;
76 килограммга чейин — Айпери Медет кызы.
Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков, улук машыктыруучу — Нурдин Донбаев.