Биз социалдык тармакта

Жоламан Шаршенбеков эмне себептен Азия чемпиондугуна катышпай турганын айтты (видео)

Белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эмне себептен Азия чемпиондугуна катышпай турганын түшүндүрдү.

Анда ал мелдешке катышып жаткан балбандарыбызды колдоого чакырып, аларга ийгиликтерди каалап өткөн.

"Улуттук курамадагы жолдошторума ийгилик, кооз жеңиштерди жана жаракатсыз беттештерди каалайм. Ал эми мага келсек, жакын арада кайрадан чоң турнирлерде көрөсүздөр. Жаракаттан кийин калыбыма келип жаттым, ошондуктан бир топ убакытты өткөрүп жибердим. Азыр болсо жаңы жеңиштерге даярданып жатам",- деп билдирүү калтырган балбан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталды. Бүгүнкү мелдеште Кыргызстандын атынан беш балбан килемге чыгат.



Жоламан Шаршенбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан