Бишкек милициясы баңгизат колдонуп алып унаа айдоого шектелип 35 жаштагы М.Р. аттуу балбан кармалганын кабарлады.
Маалыматта жол тескөөчүлөрдү орой сөздөр менен сөккөнү, милицияга жеткирилип 3 суткага камакка алынганы, ошондой эле үйүндө тинтүү жүрүп, гашиш табылганы айтылат. Көрсөтүлгөн инициал грек-рим күрөшүнүн балбаны Мурат Рамоновдун аты-жөнүнө туура келет. Спортчунун жакындары азырынча маалымат бере элек.
Социалдык тармактарда Рамонов камакка алынган УКМКнын Бишкек башкармалыгын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун 40 чоросунун бири экени тууралуу маалыматтар тараган. Анын каймана аты Пахта экени айтылып келет.